Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин жетекчиси алмашты
30.12.2024 | 17:52
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Адыл Сыдыгалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин башка жарлыгы менен Алмазбек Үсөнов аталган агенттиктин директору болуп дайындалды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом