Жемкорлукка каршы митингдин катышуучулары бийликке кызыл түстөгү кагазды көрсөтүштү — фото, видео

Жемкорлукка каршы митингдин катышуучулары бийликке кызыл түстөгү кагазды көрсөтүштү — фото, видео

Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте Ала-Тоо аянтында жемкорлукка каршы #Rеакция 2 аталышында тынчтык митинги өтүп жатат. 

Митингге келгендер бийликке карата «кызыл кагаз» көрсөтүштү. Кызыл түстүү карточканы көрсөтүү менен алар укук коргоо органдарына жана бийликке дагы бир ирет өз талаптарын айтышты.

Учурда аянтка чогулган элдин саны болжол менен миңден ашык.

Белгилей кетсек, аталган митинг ушул жылдын 25-ноябрында өткөн. Анда митингдин катышуучулары колдоруна Райымбек Матраимовдун сүрөтүн, жана сары кагаздарды кармап алышып,   “Раим камалсын”, “Уррунун орду түрмөдө” деген чакырыктар менен бийликке нааразычылыгын билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>