Мына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстүКыргызстандын бизнеси 2025-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 82 млн долларга жакын инвестиция салдыКазакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү болжолун 98 млн тоннага чейин төмөндөттү
Жеңиш майрамына арналган парад 8-майда өтөт
04.04.2025 | 12:00
Президент Садыр Жапаров 8-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Жеңиш парадын өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, президент Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн өздүк курамынын, курал-жарактарынын жана аскердик техникасынын катышуусунда аскердик парадды даярдоону жана өткөрүүнү Коргоо министрлигине тапшырды.
Ал эми мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аскердик парадды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырылганы белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом