АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Аттракциондон кулаган кыздын окуясы боюнча кармалган шектүү үй камагына чыкты
04.04.2025 | 11:50
Борбор калаанын Панфилов сейил багындагы аттракциондон кулаган кыздын окуясы боюнча шектүү катары кармалган 24 жаштагы аттракциондун оператору соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардын Биринчи Май райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү 1-июнга чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, 31-март күнү Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлер учурда бейтаптын абалы оор экенин, ал акырындан өзүнө келе баштаганын жана анын баш, бет сөөктөрү сынып, ачык жаракаттары бар экенин айтышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом