АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Жеңиш майрамына арналган парад 8-майда өтөт
04.04.2025 | 12:00
Президент Садыр Жапаров 8-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Жеңиш парадын өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, президент Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн өздүк курамынын, курал-жарактарынын жана аскердик техникасынын катышуусунда аскердик парадды даярдоону жана өткөрүүнү Коргоо министрлигине тапшырды.
Ал эми мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аскердик парадды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырылганы белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом