Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулууда«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутатЕАӨБ: Борбор Азияда электр энергиясына минималдуу тарифтер сакталууда
Жерде жаткандарды тепкилешкен. Бишкекте мушташтын катышуучулары кармалды
31.10.2025 | 11:38
Милиция кызматкерлери мушташка катышкан беш жигитти кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн эртең менен болжол менен саат 07:25те «102» кызматына түнкү клубдардын биринин жанында мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барып, мушташка катышкан беш адамды кармап, бөлүмгө жеткиришкен. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.
Милиция жарандарды мыйзамды сактоого, коомдук тартипти урматтоого жана айланадагыларга кооптуу жагдай жаратпоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар