Жергеталда кыргыздарга тажик жарандыгын алуу же чыгып кетүү талабы коюлууда

Жергеталда кыргыздарга тажик жарандыгын алуу же чыгып кетүү талабы коюлууда

Тажикстандын Лахш аймагындагы кыргызстандыктарга тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлууда. Бул тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин Москвадагы жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушуу учурунда коңшу өлкөнун укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү Лахш (мурунку Жергетал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтерин күтүүсүздөн текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун билдирген.

“Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандыктарга тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлууда. Кыргыз тарабы кыргыз мекендештердин укуктук статусун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү”, — деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>