«Жерүй» ишинин аркасы менен Таласта ипотекалык үйлөр салынат

«Жерүй» ишинин аркасы менен Таласта ипотекалык үйлөр салынат

Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов Жерүй алтын кенине барып, «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Облус башчысы кенде иштеп жаткан жумушчулардын шарттарын, алтын чыгаруучу ишкананы, калдыктар сактоочу жайды көргөн.

Белгилүү болгондой, «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердигинин аркасы менен облуска ири каражаттар бөлүнүп, бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Жакынкы мезгилде облустук өнүктүрүү фонддору, президенттин иш башкармалыгы жана Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте ипотекага бериле турган көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселеси каралууда.

Жерүй алтын кени иштеп баштагандан бери аймакта Талас облустук, Талас райондук жана Бекмолдо айыл аймактык өнүктүрүү фонддору түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин аларга өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен 875 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн.

Нурлан Дарданов экологиялык маселелерге кызыгып, калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышкан.

Компания билдиргендей, алар өндүрүштүн калдыктарын кайра иштетүү багытында Улутук илимдер академиясы менен кызматташууда. Учурда илимий изилдөөнүн акыркы этаптары калган. Изилдөөнүн жыйынтыгы оң чыкса, калдыктардан курулуш материалдарын жасоого мүмкүн болот.

Талас алтын кен комбинатынын өзгөчөлүгү, калдыктар 20% нымдуулук менен жок кылынып, эң эле коопсузураак болуп саналат. «Альянс Алтын» компаниясы алтын кенди иштетүүдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылууну биринчи орунга койгон. Маселен, экологиялык көзөмөл компаниянын экологдору, аны менен бирге мамлекеттик мекемелер тарабынан жүргүзүлөт.

Алтын кендин аймагына облус башчысы менен бирге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын башчысы Бекназар Ашымов да барган.

«Биз кендин аймагында абалга дайым байкоо салып, коңшу айылдардагы аба менен сууну текшерип турабыз. Айрыкча жазында булактын суусу көбөйгөндө суу киргилденип калат. Анда биз дагы бир ирет текшерип, жергиликтүү тургундарга ал табигый кубулуш экенин айтабыз», — дейт  Бекназар Ашымов.

Эскерте кетсек, компаниянын 8 жылдык ишинде айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизген учурлар болгон эмес.

Облус башчысына кен тууралуу бардык маалыматты компаниянын кызматкерлери айтып берген. Учурда «Альянс Алтын» компаниясында 839 адам иштейт. Жалпы жонунан кендин аймагында 1400ге жакын киши эмгектенет. Жумушчулардын басымдуу бөлүгү Талас облусунун тургундары болушат. Компания 2021-жылдын март айында алтын өндүрө баштаган. Түзүлгөн күндөн тарта 2023-жылдын июнь айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы мамлекетке 12 млрд сомго жакын акча которгон. Анын ичинде продукцияны сатуудан түшкөн кирише 8 млрд сомду түзөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>