Жети-Өгүздө мечитте сүннөткө отургузууга тыюу салынды

Жети-Өгүздө мечитте сүннөткө отургузууга тыюу салынды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагындагы мечиттерде сүннөткө отургузууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Ысык-Көл облусунун казысы Сагындыков Алмаз ажы билдирди.
Анын айтымында, жакында эле Жети-Өгүз районунун Аң Өстөн айылындагы мечитте 6 балага сүннөт жасалган. Анын арасынан 9 жаштагы баладан көп кан кетип, учурда ооруканада жатат.

Мечитке сүннөттү райондун мурунку баш имам хатиби Каныбек Кожокуловдун чакыруусу менен келгени ачыкталды.

Ал эми Жети-Өгүз районун баш имам хатиби Акылбек Талантбек уулуна мындай алешемдике жол бергени үчүн эскертүү берилип, ар бир айылдын имамдарына сүннөткө отургузуунун медициналык жайларда өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун казыяты Ысык-Көл аймагы боюнча мечиттен сүннөткө отургузууну буга чейин эле тыюу салып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>