Ошто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышатReporter.kg жана «Кыргызстан аэропорттору» расмий кызматташтыкты баштадыОоганстан Пакистандын Аскердик-аба күчтөрү Кандагардагы күйүүчү май резервуарларына сокку урганын билдирдиШаирбек Ташиев ИИМде сурак берүүдөУкук коргоочу Бүбүсара Рыскуловага БУУнун «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» сыйлыгы тапшырылды
Жети миллионунчу жаран Жакшылык төрөтканадан чыгарылды – видео
25.10.2022 | 12:25
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылык төрөтканадан чыгарылды. Анын видеосу менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда төрөлгөн. Наристеге атты президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койду. Жакшылык салмагы 3,9 кг, бою 54 см болуп төрөлдү.
Жакшылыктын ата-энеси Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинова Баткендин Кызыл-Кыя шаарында турушат. Жакшылыктын төрөлүшү менен алар эки уул, эки кыздын ата-энеси болушту.
Жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылыктын атасы менен маек
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом