Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат саткан адам кармалды

Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат саткан адам кармалды

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда синтетикалык баңгизатын сатуу каналы аныкталып, баңги синдикатынын активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, синтетикалык баңгизаттар жеке адамдар тарабынан Telegram’дагы интернет-дүкөндөр аркылуу таратылганы жана ал мектеп окуучуларына да сатылары аныкталган.

«Синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенип, көптөгөн жаштарды баңгичиликке тартуу боюнча жигердүү иштерди алып барып жүргөн, ошондой эле дары-дармек синдикатынын активдүү мүчөсү Я.И. аныкталган. Белгилей кетсек, синтетикалык баңгизаттар Кыргызстандын «алтын жаштары» деп аталгандардын арасында кеңири тарап, популярдуулукка ээ болуп, калктын ден соолугуна глобалдык коркунуч туудурууда», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, 20-октябрда Бишкекте синтетикалык баңгизаттын кезектеги партиясын сатып жаткан жеринен Я.И кармалып, андан ар кандай түрдөгү синтетикалык баңгизаттар алынган.

22-октябрда Биринчи Май райондук соту аны эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында баңгизаттарды сатуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>