ЖККУ Борбор Азияда өзгөчө кырдаалдарды координациялоо үчүн гуманитардык борбор түзөт

05.09.2025 | 10:58

ЖККУнун баш катчысынын орун басары Валерий Семериков уюм Борбор Азиядагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоого багытталган гуманитардык борбор түзүүнү көздөп жатканын маалымдады. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай сунуш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйынында айтылган.

Ошондой эле жыйында өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ЖККУнун эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери каралган. Мындан тышкары ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин 2025-жылга карата ишинин жыйынтыгы, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы талкууланган.

Scroll to Top