Азия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келдиМектеп окуучуларынын ата-энелеринен жылына 2,5 млрд сомго жакын акча чогултулат — депутатСалык кызматы: товарлардын калдыктарын байкоо жүргүзүү системасына киргизүү 1-октябрда аяктайт
Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү жабылат
05.09.2025 | 11:00

2025-жылдын 6-сентябрынан тартып Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки түндүк тарабы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарладф.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта проспекттин түштүк тарабы унаалар үчүн эки тараптуу кыймылга ачылат.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбордун конокторун жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жолдордо тыгындарды алдын алуу үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар