ЖКнын экинчи комитети өлкөдө уран кенин иштетүүнү колдоду

ЖКнын экинчи комитети өлкөдө уран кенин иштетүүнү колдоду

Жогорку Кеңештин экинчи комитети Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Аталган мыйзам долбоору бүгүн, 28-майда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралды.

Талкуудан кийин комитетке кирген депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдоп берди.

Күн мурун 27-майда уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салууну жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети колдогон. Ошондой эле Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети бул маселени шаршемби күнү карай турган болгон.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Экология министри Кызыл-Омполду иштетүүдөн канча киреше түшөрүн айтты (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>