8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйтКурулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырды
4 айда 3277 жаран ажырашты. Депутат аялдарды алимент төлөөгө милдеттентирүүнү сунуштады
28.05.2024 | 15:42
Аталар гана эмес, апалар дагы балдарына алимент төлөөсү шарт. Бул тууралуу парламенттин комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.
Анын айтымында, гендердик теңчилик аялдардын гана эмес эркектердин дагы укугун коргоо багытталышы керек.
“Бала атасы менен калган болсо апасы алимент төлөшү керек. Аялдарды эле айта бербей, тең укуктулук дегенде эркектерди унутуп калбайлы”, – деди ал.
Депутат Гүлшаркан Култаева Үй-бүлө кодекси боюнча аялы кош бойлуу же баласы бир жашка толо элек болсо ажырашууга болбостугун кошумчалады.
Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүүрү министрлигинин маалыматында, 2023-жылы 44 миң 776 үй -бүлө түзүлүрп, 12 миң 662 түгөйлөр ажырашкан. 2024-жылдын 4 айында 3 миң 277 ажырашуу катталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом