Жо Байден жана Владимир Путин телефондо сүйлөштү

Жо Байден жана Владимир Путин телефондо сүйлөштү

АКШ президенти Жо Байден 13-апрелде Орусия президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөштү.

Ак үйдүн сайтындагы маалыматка караганда, стратегиялык куралданууну кыскартуу жөнүндөгү келишимдин мөөнөтүн узартууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Президент Байден АКШ улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн Орусиянын киберчабуул жана шайлоого кийлигишүү сыяктуу аракеттерине каршы бекем турарын ишара кылды.

Байден АКШ Украинанын жана анын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын да белгиледи. АКШ лидери оккупацияланган Крымда жана Украинанын чек араларына жакын аймактарда орус аскерлеринин күтүүсүздөн көбөйүп жатканына тынчсызданып, Орусияны чыңалууну жоюуга чакырды.

Президент Байден АКШ менен Орусиянын алдындагы маселелердин негизги топтомун талкуулоо үчүн жакынкы айларда үчүнчү өлкөдө жолугушууну сунуштады.

Владимир Путин менен Жо Байдендин телефондо сүйлөшүүсүн Кремлдин сайты да жарыялады. Анда сүйлөшүү Америка тараптын демилгеси менен болгону белгиленди.

Кремль Байден эки мамлекет башчынын ортосунда «жакынкы келечекте» саммит өткөрүүнү сунуш кылгандыгын ырастады, бирок бул сунушка Путин макул болгон-болбогондугун айткан жок.

Кремлдин комментарийинде Украинанын айланасындагы кризис “ички” маселе катары сыпатталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>