Жогорку Кеңеште иштегендерге эмнеге айлык төлөнбөй жатат? Түшүндүрмө

Жогорку Кеңеште иштегендерге эмнеге айлык төлөнбөй жатат? Түшүндүрмө

Парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаттары менен аппараттын кызматкерлерине эмне себептен маяна төлөнбөй жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

“5-6-октябрдагы болуп өткөн окуялардан улам Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу тиешелүү эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде да көйгөйлөр жаралган. Натыйжада Жогорку Кеңеште иштегендердин айлык маянасын убагында берүү кечеңдеди. Учурда документтерди калыбына келтирүү менен эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет”, – деп жазылат маалыматта.

Буга чейин парламент депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин кызматкерлери менен депутаттарга айлык төлөнбөй жатканын жазган.

Эске салсак, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан митингчилер 6-октябрга караган түнү Ак Үйдү басып алышып керектүү жабыктардын барын талкалап, өрт коюп жиберишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>