Жогорку Кеңеште мугалимдердин айлык маянасы менен пенсияларды жогорулатуу боюнча маселе каралды

Жогорку Кеңеште мугалимдердин айлык маянасы менен пенсияларды жогорулатуу боюнча маселе каралды

Бүгүн, 20-сентябрда «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаттары 2019-жылдын январь-август айларына карата республикалык бюджеттин аткарылышы жана мугалимдердин айлык маянасы менен пенсияларды жогорулатуу боюнча маселени карашты.

Фракция жыйынында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана каржы министри Бактыгүл Жээнбаева аталган мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат беришти.

Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү педагогикалык корпусту социалдык жактан колдоо тутумун өнүктүрүү, бала бакчалардын, интернат мекемелеринин кызматкерлерине, ошондой эле жаш мугалимдер менен врачтарга эмгек акы төлөө  шарттарын жакшыртуу жана региондордо мугалимдер менен врачтардын жетишсиздигин чечүү зарылдыгын баса белгилешти.

Жыйынтыгында фракция депутаттары Өкмөттүн 2019-жылдын январь-август айларына карата республикалык бюджеттин аткарылышы жана мугалимдердин айлык маянасын жана пенсияларды жогорулатуу боюнча маалыматын эске алуу чечимине келишти..

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>