Жогорку Кеңеште президентти COVID-19 вакцинасы менен биринчилерден эмдөө сунушталды

Жогорку Кеңеште президентти COVID-19 вакцинасы менен биринчилерден эмдөө сунушталды

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президентти COVID-19 вакцинасы менен биринчилерден болуп эмдетүүнү сунуштады.

Бекешев: «Өкмөт Pfizer вакцинасынан баш тартыптыр, себеби вакцина үчүн атайын муздаткыч жок экенин айтышты», — деди.

“Дүйнөдө башка вакциналар бар, эмнеге аларды карабай жатасыңар? Кайсы вакцинаны тандабайлы, менин оюмча, президент, спикер, премьер-министр жана саламаттыкты сактоо министри өздөрү коронавирус вакцинасы менен түз эфирде эмделиши керек, Sputnik V же башка вакцина болсун. Ошондо эл бул вакцинаны эмдөөгө болот деп ишене баштайт», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>