Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Төрага Дастан Жумабеков 30-июнда өткөн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясын расмий түрдө жабык деп жарыялады.

Төрага VI чакырылыштагы парламентин жетинчи сессиясынын жүрүшүндө, өлкөнү өнүктүрүүгө өзөк болуп бере турган мыйзам актылар кабыл алынганын айтты.

“Бул сессиялык мезгилде парламент тарабынан 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алынды. Өкмөт башынын, Башкы прокуратуранын, Эсеп палатасынын  жана Улуттук банктын төрөгаларынын отчеттору угулду”, – деди төрага.

Конституциянын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеӊештин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн тарта июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин жыйындар таризинде жүргүзүлөт.  Ал эми 1-июлдан тарта депутаттар өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.

Жогорку Кеңештин  депуттары 1-сентябрда кайрадан жумушка чыгып, парламенттик  шайлоого 25 күн калганга чейин иштешет да, VI чакырылыштагы парламент толугу менен ишин жыйынтыктайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>