Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарына мандат тапшырылды

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарына мандат тапшырылды

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясына Замирбек Эсенаманов менен Бейшенаалы Нурдинов депутат болуп келди.

Аларга бүгүн, 9-июнда мандат тапшырылгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков 8-июнда мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшыруу тууралууу арыз жазган. Замирбек Эсенаманов анын оордуна депутат болду.

Ал эми  «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 9-июнда мандатын тапшырып жатканын “Репортерго” кабарлап, анын оордуна Бейшеналы Нурдинов депутат болорун айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>