Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында агартуу министри менен илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерлер каралды.
Жыйынтыгында агартуу министри болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды. Ал эми илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна Бактияр Орозовдун талапкерлиги жактырылды.
Жыйында ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жаңы министрлерди ыкчам иш алып барууга чакырган.