Депутат Медербек Алиев тарабынан демилгеленген “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты — Жогорку Кеңештин депутатынын окутуучулук, илимий жана чыгармачылык ишмердиги үчүн сый акы алуу укугуна карата колдонуудагы мыйзамдардагы боштуктарды жана бүдөмүк чечмелөөлөрдү жоюу.
Түзөтүүлөрдүн демилгечиси колдонуудагы мыйзамдарда “илимий”, “педагогикалык” жана “чыгармачылык” иш-аракеттеринин түшүнүктөрү так аныкталбаганын, бул ар кандай чечмелөөлөрдүн, анын ичинде мандатынан мыйзамсыз ажыратуулардын пайда болушу үчүн тобокелдиктерди жаратканын белгилейт.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен депутаттын окутуучулук, илимий жана чыгармачылык ишмердиги үчүн эмгек акысын, автордук сый акысын, гонорарларын, сыйлыктарын жана башка төлөмдөрүн алууга укугу бар экендиги белгиленет.
Педагогикалык жана илимий ишмердүүлүккө окутуу, лекцияларды, семинарларды, тренингдерди жана илимий изилдөөлөрдү өткөрүү кирет деп көрсөтүлгөн. Чыгармачылык ишмердүүлүккө адабият, искусство, маданият жана интеллектуалдык менчиктин башка объектилерин түзүү жана ишке ашыруу, медиа долбоорлорго жана башка коомдук иш-чараларга катышуу кирет.