Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Шакиев аты-жөнүн Нурланбек Тургунбек уулу деп өзгөртүп, тиешелүү документтерин алган.
Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртөрү тууралуу былтыр декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.