Жогорку Кеңеште Кыргызстанда «кислоттук жамгыр» жаашы мүмкүнбү деген кооптонуулар айтылды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Ирандагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган соккудан кийин аба химиялык заттар менен булганып, бул агым Кыргызстан тарапка багыт алгандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди.
Буга байланыштуу депутат өлкө аймагында «кислоттук жамгыр» жаашы мүмкүн деген коркунуч бар экенин айтып, мамлекеттик органдардын мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө кызыкты.
«Кислоттук жамгыр кайсы региондорго же облустарга түшүшү мүмкүн? Бул боюнча мониторинг жүргүзүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөр барбы?» — деп суроо салды Махабат Мавлянова.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимбердиева бул багыттагы көзөмөл Гидрометеорология кызматы тарабынан жүргүзүлөрүн билдирди.
«Бул маселе боюнча министрлик түз мониторинг жүргүзө албайт. Гидрометеорология кызматынын автоматташтырылган станциялары бар, алар байкоо жүргүзүүгө техникалык мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм», — деп жооп берди министрдин орун басары.
Эске салсак, 7-мартта Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын мунай инфраструкткрасына аба соккуларын жасаганын билдирген. Эл аралык басылмалардын маалыматында, өлкөдөгү 3 мунай сактоочу кампага чабуул жасалган. Чабуулдардан кийин жабыркаган кампалардан күйүүчү майлар көчөлөрдөгү арыктарга, канализацияларга агып, андан кийин өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө мүмкүн болгон.
Окуядан кийин Ирандын бир нече шаарларында кислоттук жамгыр жааган. Ирандык Кызыл Ай коому мунай кампаларындагы жардыруулар абага зыяндуу жана уулуу заттар чоң өлчөмдө чыкканын билдирген.
Өзбекстандык басылмалар Ирандагы кислоттук жамгыр Борбордук Азияга да жаашы мүмкүн деген кооптонууларды жазышууда. Алардын маалыматында, уулуу заттарды камтыган булуттар Борбордук Азияны көздөй жылууда.