Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарашы. Себептери жана эксперттик пикирлер

2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттары парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу боюнча чечим кабыл алышты.
Кезексиз жыйын учурунда, бул сунушту жалпысынан 84 депутат колдоп, каршы добуш берилген жок. Парламенттин тарашы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бул чечимдин артында саясий жана шайлоо процессине байланыштуу себептер болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

Саясий серепчи Айбек Теңизбай бул чечимдин мыйзамдык жана моралдык негизин сынга алды.
«Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарашы үчүн укуктук жана моралдык негиз болгон жок. Дүйнөлүк практикада парламент өз ишинде олуттуу ката кетирсе гана таркайт. Бизде болсо, бул андай болбой калды деген пикирдемин. Президенттик жана парламенттик шайлоолордун мөөнөтү жакындап калганы менен, экөөнү чогуу өткөрүүгө мүмкүн эле. Бирок негедир андай болгон жок», – деди Теңизбай.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев парламенттин таркашын оң көрүнүш катары баалап, жаңыланууга жол ачышы керектигин белгиледи.
«Жаңы жүздөр, жаңыча көз караш менен иштейм дегендер келишсин. Балким биздин жашыбыз келип калгандыр, мамлекетке жаңы, билимдүү мыйзам жазган адамдар керек деп ойлойм», – деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына 90 депутат шайланып, партиялык тизме жана бир мандаттуу 36 округ аркылуу шайланган. Парламентке «Ата Журт-Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «БүтүнКыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партиялары өткөн.