Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Дем алыш күндөрү да иштейт: Жер агенттигинин Бишкек филиалы иш убактысын өзгөрттү
01.10.2025 | 12:01

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы филиалы иштөө убактысын өзгөрттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эми аталган филиал ар күнү саат 07:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү болсо саат 10:00дөн 16:00гө чейин жарандарды тейлейт.
Мындай чечим кезектин көптүгүнө байланыштуу жана күтүү убактысынын узактыгын азайтуу максатында жүргүзүлгөн.
Ошондой эле, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү алкагында жарандарга “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн түрдө бир катар мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом