Жогорку сот акын Аскат Жетигенди абакта калтырды

Жогорку сот акын Аскат Жетигенди абакта калтырды

Жогорку сот акын Аскат Жетигенге чыгарылган буга чейинки өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Мындай чечим бүгүн, 18-мартта чыкканын «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Жогорку сот жактоочулардын акынды актоо жана ишти кайра кароого жөнөтүү тууралуу өтүнүчүн четке кагып, буга чейинки Аскат Жетигенди 3 жылга абакка кесүү тууралуу өкүмдөрдү күчүндө калтырган.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген. Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген.

2024-жылы 15-мартта ал бийликти сындап, сөгүнгөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон. Ага «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси менен иш козголгон.

Кийин иш тергелип бүтүп, Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. 23-майдагы соттук отурумда Аскат Жетиген УКМКнын кызматкерлери кыйноого алганын билдирген. Акындын билдирүүсү боюнча УКМК азыркыга чейин үн ката элек.

2024-жылы 1-июлда Свердлов районунун соту Аскат Жетигенди «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча актап, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот акынды 3 жылга эркинен ажыраткан. Аскат Жетигенге акыркы сөз берилгенде ал адепсиздик кылганын, бирок кылмыш жасабаганын айткан.

Кийин шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырылган.

Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган акындын жактоочусу Самат Матцаков Аскат Жетигендин ишин кайро кароого жөнөтүүнү, жактоочу Нурбек Токтакунов актоону суранган.

Аскат Жетигенден иши боюнча сот кийинкиге жылды, жактоочусу иштеги чекиликтерди айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>