Жогорку Сот Карганбек Самаковго буга чейин чыккан өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку Сот Карганбек Самаковго буга чейин чыккан өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун соттолгондугун жокко чыгарды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Соттун 2021-жылдын 3-февралындагы чечими менен Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши соттун башка курамында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жаңы кароого жиберилген.

Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнүн жер тилкелери айыл чарба жерлеринин категориясынан калктуу конуштардагы жерлер категориясына мыйзамсыз которулгандыгы боюнча Самаковго жана башкаларга кылмыш иши козголгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>