Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьясы Аскат Сыдыковду кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук беришти.
Аталган маселе тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Ал парламентте Судьялар кеңеши Сыдыковго тартиптик жаза катары мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алганын билдирди.
58 жаштагы Аскат Сыдыковдун сот тармагында 20 жылдык тажрыйбасы бар. Ал 2018-жылдан бери Жогорку соттун судьясы болуп иштеп келе жаткан.