Президент Садыр Жапаров “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам ушул жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, эми Жол фондунун каражаттары жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун долбоорлоону, курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү каржылоого жана ага керектелген материалдарды, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга гана пайдаланылат.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджетте каралган каражаттардан төмөнкүлөргө чыгымдар өзүнчө каржыланат:
- Жол фондунун катчылыгын күтүү;
- Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өндүрүштүк-чарбалык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тармактагы мезгилдүү басылманы чыгаруу, кызматтык адабияттарды, китептерди, колдонмолорду, ченемдик-техникалык документтерди, стандарттарды, маалымат бюллетендерин жана окуу куралдарын, бланктык продукцияны даярдоо жана басып чыгаруу;
- Кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана окутуу;
- Илимий-техникалык изилдөө.
Мыйзамдын максаты Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну караган укуктук ченемдерди мыйзам менен бекитүү болуп саналары айтылды.