Жол инспекторун УКМКнын кызматкеримин деп коркуткусу келген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 10-январь күнү Токомбаев көчөсүндө мамлекеттик номери жок бара жаткан «Тойота-Камри» үлгүсүндөгу автоунааны токтоткон. Документтерин сураганда айдоочу өзүн УКМКнын кызматкери катары таанышытырып, күбөлүгүн көрсөткөн.
Милиция кызматкерлери ал күбөлүктүн жасалма экенин аныктап, айдоочуну ошол жерден кармап, убактылуу кармоочу жайга жеткирген.
Ал эми автоунаасы айып антчасына токтотулган.
[su_image_carousel source=»media: 53855,53856″ crop=»none» autoplay=»4″]