БШК инаугурация качан болорун айтты

БШК инаугурация качан болорун айтты

Кечээ, 1-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң андан утуп чыккан адам ишке кирише аларын билдирди.

 «Расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарылат», — деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Шайлдабекова ошол эле учурда бул кезексиз шайлоо болгонуна байланыштуу добуштарды эсептөө мөөнөтү да кыскарарын эскертти.

БШК президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 39% ашууну катышканын маалымдады.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,16% добушун алып алдыга чыкты.

Кыргызстандын президенттигине 17 талапкер ат салышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>