Жол милициясы чет өлкөлүк номер менен жүргөн унааларды текшерет

Жол милициясы чет өлкөлүк номер менен жүргөн унааларды текшерет

Кыргызстанда чет өлкөлүк номер менен жүргөн унаалардын баары текшерүүгө алынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, акыркы мезгилде Армения, Грузия, Россия өңдүү мамлекеттерден Кыргызстанга унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп ташылып келип (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовдору жана  башка тетиктери), бул жактан кайра даяр унаа болуп чогултулуп, сатыкка чыккан учурлар аныкталган. Алар тиешелүү мамлекеттик органдарда өлкөбүзгө киргендиги катталбай, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

Аталган фактыларга жол бербөө үчүн жол милициясы бир катар мамлекеттик органдар менен рейддик иштерди жүргүзөт.

Жол милициясы жарандарды чет өлкөлүк номерлүү унааларды сатып алууда сак болууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>