Жол жээгине чыгып, башамалан соода кылгандарга 627 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Башкармалыктын Жол козөмөлдөө бөлүмү 14нөн 18-октябрга чейин рейд өткөрүп, жол жээгине чейин чыгып мөмө-жемиш, курулуш материалдарын, күйүүчү май жана суусундуктарды саткан жарандарга 209 протокол түзүп, 627 миң сом айып салган.