Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын финалына чыкты
04.10.2023 | 11:11
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, Шаршенбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү.
Анын алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө тажикстандык балбан 5 упай алып, алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеов жалпы 8 упай алууга жетишип, жеңишти сууруп кетти.
Чейрек финалда Шаршенбеков түштүк кореялык Ханжаэ Чунду 9:0, андан кийин жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду 11:0 эсебинде жеңди.
Финалда Шаршенбеков япониялык Аята Сузуки менен беттешет.
Эскерте кетсек, буга чейин Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалына чыккан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз