Акжол Махмудов экинчи ирет Азия оюндарынын финалына чыкты

Акжол Махмудов экинчи ирет Азия оюндарынын финалына чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) Азия оюндарынын финалына чыкты.

Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, жарыштын биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар килем үстүнө чыкты.

Махмудов таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи кармашында камбожалык Сопхак Кео менен күч сынашты. Акжол Махмудов 31 секундда атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Ал эми жарым финалда казакстандык Азат Садыков менен кез келип, аны 9:0 эсебинде утту.

Алтын үчүн беттеште Махмудов ирандык Амин Кавиянинежад менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов быйыл Азия оюндарына экичи ирет катышып жатат. Биринчи жолу, 2018-жылы Азия оюндары Индонезияда өткөндө катышып, Махмудов финалга чейин жеткен. Финалдык беттеште ал ирандык Мохаммадали Гераиге жеңилип, күмүш байге тагынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>