Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Дүйнө чемпионаты: Шаршенбеков жарым финалга өттү – видео
12.09.2022 | 17:48
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Ал килем үстүнө бүгүн, 12-сентябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттеште ал венгриялык балбанды 8:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми чейрек финалда америкалык атаандашынын далысын килемге басып таза жеңишке жетти.
Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандык балбандардан Айсулуу Тыныбекова да килем үстүнө чыкты. Ал биринчи беттешинде болгариялык спортчуну жеңип, чейрек финалга өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт