Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалды

Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалды

Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратунанын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындан мурда социалдык тармактарда Бишкекте кыз эки аскер кызматкерин зордуктоого айыптап жатканы маалымдалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 5-сентябрда Кыргызстандын жараны Б.У. милицияга арыз менен кайрылып, 5-сентябрга караган түнү саат 04:30дар чамасында Бишкек шаарындагы Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен унаанын арткы отургучунда аны зордуктаган эки белгисиз жаранга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын У.А. жана А.Т. аттуу аскер кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

«11-сентябрда Аскер прокуратурасы шектүүлөрдү кармап, Бишкек гарнизонунун убактылуу кармоочу жайына киргизди. Бүгүн У.А. жана Т.А. аларга карата баш коргоо чарасын тандоо үчүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна жеткирилет», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>