Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Бишкекте жолдор жакшы оңдолуп жатканын айтып, мэр Айбек Жунушалиевди мактады.
«Унаам менен келе жатып, үйгө жакындап калганда, бир киши «токто эле токто» деп колун булгалады. Көрсө, кофе алган элем, аны унаанын үстүнө коюп, кете бериптирмин. Чиркин, эки квартал жүрсөм да кофе төгүлбөптүр. Урматтуу мэр, жолду сонун кылып жасаптырсыз. Сизге көз тийбесин. Эми бир кемчилигиңиз бар, ал – тыгын. Бирок аны чечүү жалгыз колуңуздан келбейт», — деди ал.