Президент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгардыКыргызстан балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуудаКР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырыштыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдүСамаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштадыБШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттү
“Жолдорду сонун оңдоп жатасыздар”. Депутат Бишкектин мэрин мактады (видео)
09.10.2024 | 11:59
Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Бишкекте жолдор жакшы оңдолуп жатканын айтып, мэр Айбек Жунушалиевди мактады.
“Унаам менен келе жатып, үйгө жакындап калганда, бир киши “токто эле токто” деп колун булгалады. Көрсө, кофе алган элем, аны унаанын үстүнө коюп, кете бериптирмин. Чиркин, эки квартал жүрсөм да кофе төгүлбөптүр. Урматтуу мэр, жолду сонун кылып жасаптырсыз. Сизге көз тийбесин. Эми бир кемчилигиңиз бар, ал – тыгын. Бирок аны чечүү жалгыз колуңуздан келбейт”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом