Жолдубаева сурак берип бүткөндөн кийин бошотулду

Жолдубаева сурак берип бүткөндөн кийин бошотулду

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева сурак берип бүткөндөн кийин бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев Фейсбукка жазды.

Анын айтымында, Жолдубаева ИИМдин тергөө кызматына УКМКнын “Альфа” тобунун  жоокерлерин барымтага алуу боюнча күбө катары сурак берген.

Жолдубаева менен кошо кармалган КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары тууралуу азырынча маалымат жок.

Мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 8-августта кечке маал мажбурлап алып келүү боюнча жүргүзүлгөн операциянын алкагында кармалып, УКМКга алынып келинген. Атайын операцияны ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана орун басары Курсан Асанов жетектеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>