Кыргызстан немис фармацевттерине эркин экономикалык зона аркылуу ЕАЭБ рыногуна чыгууну сунуштадыАдылбек Касымалиев АКШнын Стэнфорд университетине тапшырган Амиртай Бексултановду куттуктадыИран АКШ менен убактылуу элдешүүдөн баш тартып, тынчтык үчүн өз шарттарын койдуЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталдыЖабыркаган аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор бойдон калууда – Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстандын Айыл чарба министрлиги урук чачуу мезгилинде балык уулоого убактылуу чектөө киргизди
ЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталды
07.04.2026 | 12:36

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоочу «Булак» акысыз мобилдик тиркемесине катталган окуучулардын саны 61 миңден ашты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроолору камтылган. Учурда окуучулар тарабынан аткарылган тесттердин жалпы саны 377 миңге жетти. Ошондой эле акыркы 7 күн ичинде активдүү колдонуучулардын саны 50 миң 694 адамды түздү.
Колдонуучулардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
- Жалал-Абад облусу — 9 389;
- Бишкек шаары — 9 145;
- Ош шаары — 8 885;
- Чүй облусу — 8 871;
- Баткен облусу — 6 648;
- Ысык-Көл облусу — 6 634;
- Ош облусу — 5 767;
- Нарын облусу — 3 507;
- Талас облусу — 2 639.
Министрлик бул долбоор акы төлөнүүчү даярдоо курстарына мүмкүнчүлүгү жок аймактардагы окуучуларга билим алууда тең мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөй турганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим