Ыр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташатЭки министрдин жолугушуусу: Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эмнелерди талкуулашты?Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттү
Жума намаздын убактсын кыскартуу боюнча тапшырма берилди
13.03.2020 | 12:09
Өлкөдөгү бардык мечиттерге жума намаздын убактсын кыскартуу боюнча тапшырма берилди. Бул тууралу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ( Муфтият) басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.
“Жума намаздын эрежелери өз тартиби менен окулат. Болгону элди батырак таратуу үчүн узун сүрөлөрдүн ордуна кыскарак сүрөлөрдү окуу боюнча тапшырма берилди”, – деди Атабаев.
Буга чейин Саламаттык сактоо министри коронавирус коркунучунан улам жарандардын жума намазга катышуусуна чек коюу сунушун айткан.
Муфтият министрдин айтканына жооп кайтарып, шарият боюнча мечитке барууга тыюу салганга болбой тургандыгын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом