Жумабеков: Айыл чарба азыктарын чек аралардан өткөрүүнү тездетүү керек

Жумабеков: Айыл чарба азыктарын чек аралардан өткөрүүнү тездетүү керек

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастан Жумабеков ата мекендик айыл чарба азыктарын мамлекеттик чек аралардагы текшерүү жайларынан өткөрүүдө көйгөйлөр бар экенин белгиледи.

«Албетте бул маселе коңшу өлкөлөр менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет. Андыктан алар менен тыгыз иш алып барып, айыл чарба азыктарын ташыган унаалардын чек аралардан тоскоолдуксуз, ыкчам өтүшүнө керектүү чараларды кабыл алуу керек. Өзгөчө көңүл тез бузулуучу азыктарга бурулушу зарыл», — деди спикер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>