Жуманазарова Олимпиададагы биринчи атаандашын канча жолу жеңген?

Жуманазарова Олимпиададагы биринчи атаандашын канча жолу жеңген?

Бүгүн, 5-августта Париждеги Олимпиада оюндарында балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) килемге чыгат.

Чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал биринчи кармашында монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күрөшө турган болду.

Буга чейин эки спортчу кыз үч ирет күч сынашып көргөн. Эки беттеште Жуманазарова утса, бирөөсүндө жеңилүү ызасын тарткан.

Алардын биринчи беттеши 2021-жылы Азия чемпионатынын финалында өткөн. Анда Жуманазарова 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Экинчи жолу алар 2022-жылы кайра эле Азия чемпионатында, бирок жарым финалда таймашка түшкөн. Мээрим Жуманазарова атаандашын 7:2 эсеби менен уткан.

Эки балбан кыздын үчүнчү беттеши 2023-жылы Бишкекте өткөн Кааба уулу Кожомкулдун элесине арналган рейтингдик мелдештин жарым финалында болгон. Анда Жуманазарова монголиялык спортчу кызга 1:2 эсебинде жеңилген.

Эми алар бүгүн Олимпиада оюндарында күч сынашып көрөт.

Шаршенбеков Олимпиададагы биринчи атаандашы менен канча жолу күрөшүп, канча жолу уткан?

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>