Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
УКМК: “Евразия” базарынын 1,14 гектар жери жана соода жайлары мамлекетке кайтарылды
05.08.2024 | 14:55
“Старый Толчок” – “Евразия” базарынын («Эл Гранд» ЖЧКсы) 1,14 гектар жери жана жалпы аянты 3 миң чарчы метрден ашкан соода жайлары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, кезинде Айыл чарба министрлигине караштуу 2,2 гектар жер “Шар-Чебер” жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп кетип, андан кийин менчиктештирилген. Ошол эле учурда Айыл чарба министрлигинде иштеген айрым кызматкерлердин аталган кооператив менен байланышы болгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында «Евразия» базарынын 1,14 га жери тилкеси жана жалпы аянты 3 миң чарчы метрден ашкан соода жайлары мамлекетке кайтарылган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом