Манаста чакырууларды автоматтык түрдө бөлүштүрүүчү тез жардам системасы ишке кирдиБишкектин «Ай-Көл» конушунда 13-ноябрда таза суу өчүрүлөтСалык кызматкерлери норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюштуЧыңгыз Айтматов тууралуу эл аралык эссе сынагы жарыяланды: мыкты иштер онлайн жарыяланатЧоң оюнда пешка болбоо үчүн эмне кылуу керек жана эмнеге медиа – бул ачкычКыргызстанда эттин баасына болгон мамлекеттик жөнгө салуу жыл аягына чейин узартылды
Жумгал райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду
26.05.2022 | 14:00
УКМК жана Башкы прокуратура менен биргеликте Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. тарабынан опузалап пара алуу фактысы аныкталып, акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалган.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 23-майда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн судья А.А.М.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Аталган кызмат адамдары Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн Х.Д. аттуу жарандан опузалап акча каражатын талап кылышкан.
Ал эми прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом