Президент ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөтОш облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питания
Жумгал райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду
26.05.2022 | 14:00
УКМК жана Башкы прокуратура менен биргеликте Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. тарабынан опузалап пара алуу фактысы аныкталып, акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалган.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 23-майда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн судья А.А.М.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Аталган кызмат адамдары Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн Х.Д. аттуу жарандан опузалап акча каражатын талап кылышкан.
Ал эми прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом