Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Жумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
06.12.2025 | 15:30

Ош облусунун Араван районунда 18 жашар кызды зордуктаган адам 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-августунда облустук милицияга 2007-жылы туулган К.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда 12-август күнү Телеграм аркылуу таанышкан 30-35 жаштагы киши жумуш таап берем деп чакырып, автоунаасында зордуктаганын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында 21-августта кылмышка шектүү катары 29 жаштагы К.уулу Ж. аттуу жаран кармалган.
Топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөн. Сот аталган жаранды 3 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар